• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жогорку Кеңеш кайра кезексиз жыйынга чогулат

18 Аяк оона 202210:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-сентябрда саат 15:00дө Жогорку Кеңеш кайра кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттар чек арадагы кырдаалды талкуулайт.

Эске салсак, 2022-жылдын 16-сентябрында Төрага Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырган. Ошол кезексиз жыйындын алкагында бүгүн депутаттар үчүнчү жолу чогулат.

Количество просмотров: 354