• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жогорку Кеңеш келбей койгон Исаковду чакырды

31 Үчтүн айы 2018 10:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.01.2018.Govori.TV

Жогорку Кеңеш Бишкектеги ТЭЦтеги авария боюнча маалымат берүү үчүн өкмөт башчынын орун басары келгенине нааразы болуп, өкмөт башчы Сапар Исаков өзү келсин деген чечим кабыл алышты. Өкмөт башчыдан сырткары Башкы прокурор, Бишкек мэри, финансылык полициянын башчысы жана башка жооптуу адамдар чакырылды.

Жогорку Кеңеш ТЭЦтеги аварияны жана модернизацияга кеткен 386 миллион доллар каражаттын жумшалышы боюнча депутаттык комиссия түзөрү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 5