Жогорку Кеңештин маалымат кызматы айрым депутаттардын кезексиз жыйынга чогулууну талап кылганы тууралуу билдирүү таратты.
Анда Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, төрага кезексиз сессияны президенттин, өкмөттүн же депутаттардын үчтөн биринин сунушу менен гана өткөрө ала турганы айтылат.
Ошондой эле кезексиз жыйын өткөрүү сунушунда анын себеби, каралуучу маселе жана датасы жазылышы керек.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Наталья Никитенко парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү талабы менен төрага Дастанбек Жумабековго кайрылышкан болчу.