• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку Кеңеш Кой-Таш боюнча комиссиянын корутундусун кабыл алды

12 Бештин айы 2019 19:15 Бишкек Govori.TV

12-декабрда Жогорку Кеңеште 2019-жылдын 7-8- августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен Кой-Таш боюнча комиссиянын корутундусун кабыл алды

Жыйынга Өкмөт мүчөлөрү, күч органдарынын жетекчилери, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Мамкомиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров 2019-жылдын 7-8-августунда Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан бир топ адамдардан, бир катар укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түшүнүк алынганын, окуяга байланыштуу көптөгөн маалыматтар чогултулганын, окуя болгон айылдын тургундары менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, комиссиянын ишине мамлекеттик органдардын тажрыйбалуу кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан.

«Иликтөө жыйынтыгында мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары азыркы бийлик башындагылар үй-бүлөлүк бийликти куруп алды деген доомат коюу менен, калкка жаман көрсөтүп, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган деген жыйынтыкка келди. Ошондой эле, Атамбаевдин тарапташтары Бишкек шаарында митинг уюштуруп, баш-аламандык уюштурушкусу келген. Бирок, укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, кырдаалдын курчушуна жол берген жок», — деди баяндамачы.

Эске салсак, ушул жылдын 7-8-август күндөрү өз тарапташтырына калкалануу менен үйүндө бекенип алган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жараат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Ошондон улам, бул фактылар Кылмыштардын бирдиктүү тизмегинее катталып, Кылмыш кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 235