Жогорку Кеңештеги депутаттар «Кумтөр» алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду.
Натыйжада 91 депутат бир добуштан колдоп, каршы чыккандар болгон жок. Учурда жетечилик кызматка Канададан чакырылган тоо инженери Теңиз Бөлтүрүк жана Мексикадан келген адис Абыл Сыдыковдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, «Кумтөр Голд» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия үч айда корутундусун чыгарып, бүгүн ЖКнын кезексиз жыйынында талкууланды.