• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди карап жатат

19 Жалган куран 202510:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралып жатат.

Алгач келишим ЖК комитеттеринин биргелешкен жыйынында каралып, андан соң парламенттин пленардык жыйынына чыгарылат. Ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору дароо үч окууда карала турганы белгилүү болду.

Бишкек шаарында 13-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун эки тараптуу жолугушуусу өтүп, эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшкан.

Количество просмотров: 117