Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-марттагы жыйынында депутаттар президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү үч окууда карап, кабыл алышты.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Нурланбек Азыгалиев.
Азыгалиев Конституциялык мыйзам долбоору мамлекеттик жана расмий тилдердеги басылмалардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыкканын баса белгиледи. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 5-беренеси туура эмес которулган.
Ошентип, 5-статьяны мамлекеттик тилде төмөндөгүдөй редакцияда баяндоо сунушталууда: «Кыргыз Республикасынын жарандары президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз өкүлдөрүн түздөн-түз шайлайт».