Арсланбек Эгембердиев Жогорку Кеңештин депутаты болду. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында маалымдалат.
Маалыматта айтылгандай, БШКнын 19-августтагы жыйынында “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Ушул эле күнү БШК “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевди өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажыраткан.