• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жогорку Кеңеште 13 кишиден COVID табылды. Төрага Мамытов ооруканада

29 Кулжа 202123:33 Бишкек Govori.TV

 Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун ден соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияда болуп, кечээ, 28-июндан тарта ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин Аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде анын ичинде Төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында Covid-19 илдети аныкталган. Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын-алуу жана жайылтпоо максатында   обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн. 

«Учурда Төраганын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө»,-деп айтылат маалыматта

Количество просмотров: 1605