Бишкек. 24.12.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынына 2 гана депутат, 4 ишеним кат менен катышканы социадык тармактарда катуу талкууга алынууда.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы, 2 депутаттын жыйынга кечигип келгенин айтты. Мындан сырткары 4 депутат, Жанар Акаев, Алмаз Токторов, Евгения Строкова жана Аида Касымалиева ишеним кат калтырганын тастыктады.