• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку Кеңеште 5 депутаттык топ түзүлдү. Аларды кимдер жетектейт? (тизме)

17 Бештин айы 202514:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын алгачкы жыйыны өтүп, жаңы шайланып келген депутаттар ант беришти.

Ошол эле жыйында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышында беш депутаттык топ түзүлгөнү белгилүү болду.

  1. «Ата Журт» депутаттык тобуна 18 депутат кирип, жетекчиси Нурбек Азыгалиев болду.
  2. «Мекенчил» депутаттык тобуна 19 депутат кирди, жетекчиси депутат Кундузбек Сулайманов болду.
  3. «Элдик” тобун депутат Акылбек Түмөнбаев жетектеп, ага 18 депутат кирди.
  4. «Адилет» депутаттар тобуна Нурбек Сыдыгалиев жетекчи болуп, анын курамында 14 эл өкүлү кирди.
  5. «Ала-Тоо» депутаттар тобун депутат Жанар Акаев жетектемей болду, курамына 15 эл өкүлү кирди.

Ал эми депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Эрулан Көкүлов жана Болот Ибрагимов эч бир депутаттык топко кирбегенин айтышты.

Количество просмотров: 368