• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку Кеңеште президентке импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлдү

27 Жетинин айы 2019 10:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-ноябрда Парламенттин жалпы жыйынында президентке импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлдү.

Башкы прокуратуранын жана башка тиешелүү органдардын маалыматтарын угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштайм. Кыргызстандан чыгарылган каражаттар, Саймаитинин өлтүрүлүшү жана кыргыз консулунун унаасы кылмыш болгон жерден табылуусу боюнча маалымат берсин. Булардан улам президентке импичмент жарыялоону да талкуулоо керек. Себеби, булардын баары бийликтин башчылыгы алдында болуп жатат деп айта алам. Ошондуктан күч органдары келип маалымат берип, эмне болуп жатканын түшүндүрсүн. Эмне үчүн эл аралык изилдөөлөр башка фактынын айтып жатса, ал эми бизде баары жакшы, УКТ жок, аткезчилик жок деп гана тим болуп жатабыз, — деди депутат Ирина Карамушкина.

Депутат Улан Примов президент Сооронбай Жээнбековго импичпент жарыялоо маселесин козгогонго эч кандай негиз жоктугун, ал жөнүндө сөз болушу мүмкүн эместигин билдирди. Ал мамлекет башчысы өзүнүн Конституциялык укуктарын пайдаланып, өз милдетин так аткарып жатканын кошумчалады.

Эл өкүлдөрү Азамат Арапбаев, Алмазбек Токторов импичмент жөнүндө ойлорго кошулбай тургандарын айтышты.

Депутат Наталья Никитенко болсо кезинде Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” фракциясынын лидери болуп турган учурда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо маселесин козгогонун эстеди. Никитенко Текебаев бир топ иштер боюнча Атамбаевди айыптаганын билдирип, азыр ошол маселелер боюнча мурдагы президентке айыптар тагылып жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 111