Жогорку Кеңештин жалпы жыйыныда жаңы депутат Бектен Сыдыгалиев ант берди.
Эске салсак, Бектен Сыдыгалиев Насыр Мусаевдин ордуна келген. Ал эми Насыр Мусаев мандатын тапшыруу боюнча өзү арыз жазган.
Бектен Сыдыгалиев мурда УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин Кыргызстан фракциясынын депутаты Насыр Мусаев сессиянын жыйналыштарын жүйөлүү себептерсиз 40тан ашуун жолу калтырганы кызуу талкуу жараткан.