• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жогорку Кеңеште жаңы депутаттар ант берди

16 Жалган куран 2022 10:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева менен Мейкинбек Абдалиев ыйгарым укуктарына киришип жатып, ант беришти.

Белгилей кетсек, № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунда өткөн шайлоодо Эльвира Сурабалдиева жеңишке жеткен. Борбордук шайлоо комиссиясы Сурабалдиевага депутаттык күбөлүк жана төш белгини 11-мартта тапшырган.

Ал эми Абдалиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалган Равшан Сабировдун ордуна келди. Ал шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси менен катышкан.

Количество просмотров: 43