• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери алмашты

22 Кулжа 2021 17:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын кезексиз жыйынында парламенттик фракциянын жаңы лидери менен анын орун басары шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Наталья Никитенко 21-июнда өткөн отурумда «Ата Мекен» фракциясы лидер Сайдулла Нышановго ишеним көрсөтпөй, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун, 7 депутат бул чечимди колдогонун билдирди.

Депутаттар Абдимуктар Маматов менен Бахтияр Сулейманов аталган кызматка депутат Шералы Абдылдаевдин талапкерлигин сунушташты. Ошентип, “Ата Мекен” фракциясы Ш.Абдылдаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Мындан тышкары, «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын депутаттары депутат Шайлообек Атазовду лидердин орун басарлыгынан бошотушуп, анын ордуна Наталья Никитенкону шайлашты.

Количество просмотров: 284