• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Шыкмаматов: Маалымат жыйын өткөрүп, элге кайрылуу жасайбыз

19 Жетинин айы 2018 11:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.11.2018. Govori.TV
«Ата Мекен» партиясы жакында маалымат жыйын өткөрүп, элге кайрылуу жасайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Ал орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин кармалышы боюнча төмөнкүлөрго токтолду:
«Леонид Маевскийди ким тосуп алып, узатып, ээрчитип жүргөнүн далилдейбиз. Ал «Hyatt Regency» мейманканасында калган. Ага 5 маал тамак берип карашкан. УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев жана башкалар менен жолукканын далилдейбиз. Маеквский эки жолу акча алган. Ал 3 млн сомдун тегерегинде каражат алып кеткен. Бул маалыматты ошол жерде ишке аралашып жүргөн мекенчил жигиттер айтып берет. Алсак, Маевскийди ташып жүргөн шопур, аэропорттун  кызматкерлери жана башкалар», — дейт Шыкмаматов.
Ал ошондой эле Өмүрбек Текебаев камактан кол чабуулар менен чыгарын, анын акталышы адилеттүүлүк, парламентаризм, мыйзамдуулук үчүн пайдалуу болорун кошумчалайт.
«Биз Башкы прокуратурага расмий кайрылабыз. Президент да пикирин билдириши зарыл. Башкы прокурор Текебаевдин акталышына каршы туруп жатат деп президентке айтып жатабыз. Салмактуу саясатчыны ак жеринен каматып койсо баары жакшы болуп кетпейт. Маевский «өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри менен жолуккам» деп мойнуна алып жатат. Ал убакта аталган кызматта экс-президент Алмазбек Атамбаев турган. Орус ишкери Алексей Модин бир нече жол бизнесмен Петр Черняк (Черных) менен жолукканын айтат. Бул Атамбаев менен Маевскийдин биргелешкен иштери бар экенин далилдеп жатат. Ошол жерде адам жалдап, Атамбаев башкы атаандашы Текебаевди каматып салды. Соттор дагы күнкарама болуп биз айткандын барын четке какты» , — дейт эл өкүлү.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда Өмүрбек Текебаев менен мурунку Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишинде негизги күбө катары эсептелген орусиялык ишкер, Мамлекеттик Думанын мурунку депутаты Леонид Маевский камакка алынган.
Маевский 2010-жылы «Мегаком» ишканасын сатып алуу  үчүн Текебаевге 1 млн доллар бергенин айтып, арыз менен кайрылган. Бул даттануу Текебаевге айып тагууга негиз болгон. Жыйынтыгында Текебаев менен Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекетке чегерилген.
Булак: “Марал” радиосу
Количество просмотров: 26