Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралды. «Адилет Кыргызстан» депутаттык тобу аталган кызмат ордуна депутат Сүйүнбек Өмүрзаковдун талапкерлигин көрсөттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Сүйүнбек Өмүрзаков Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Ушул эле жыйында Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси да каралган. «Ала-Тоо» депутаттык тобу аталган кызмат ордуна депутат Гүлкан Молдобекованын талапкерлигин көрсөткөн болчу.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Гүлкан Молдобекова Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.