• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин дагы бир кызматкеринен COVID-19 аныкталды

24 Кулжа 202015:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин аппаратынын дагы бир кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынын жетексичи фейсбук баракчасы аркылуу жарыялады.

«Ал жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат. Ал эми парламенттин депутаттары менен кызматкерлери коронавируска карата анализ тапшырууну улантууда», — деп жазган ал.

Бүгүн, 24-июнда саат 15:00гө карата Жогорку Кеңештеги 2 депутаттан жана Аппараттын 4 кызматкеринен коронавирус оорусу аныкталды. Вирус жуктурган депутаттардын бири – Бейшенаалы Нурдинов.

Количество просмотров: 200