• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрда жумушка чыгышат

27 Баш оона 2018 16:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.08.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрда сессияга чогулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал күнү эл өкүлдөрү сессиянын ачылуу иш-чарасына гана катышат. «Азырынча ал күнү кандай маселелер каралары анык эмес. Бирок расмий ачылуу иш-чарасы болот. Алдыда каралчу маселелерди планга киргизип, кабыл алышат», — деп билдирди басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу.
Эске салсак,28-июнда эл өкүлдөрү акыркы жыйынга чогулушкан. Андан соң 1 ай бою шайлоочулар менен жолугушуп, кийинки айда эс алууга чыгышкан.
Количество просмотров: 12