Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев менен Бактыбек Райымкулов жыйында отуруп сөгүшө кетти.
Жыйын учурунда Райымкулов Бекешев отурган жерге келип сүйлөшүп турган, анан эле катуу кыйкырып бири-бирин сөккөнү угулду. Экөө тең оозго алгыс сөздөрдү айтып, андан соң Райымкулов өзүнүн ордун карай басып кетти.
Көп өтпөй Райымкулов ортоңку микрофонго чыгып, бейөкмөт уюмдардын бюджетин ачыктоо боюнча мыйзам долбоору эки окуудан өтүп токтоп калганын, ошону үчүнчү окууга чыгарып берүүнү сурады. Ал батышчыл адамдар ар кандай митингдерди уюштуруп жатканын белгиледи.
Буга чейин депутат Дастан Бекешев айрым депутаттар бийликке каршы митингдерге катышып, коррупционерди коргоп жатышканын билдирди.
Ага депутат Таабалды Тиллаев жооп берди.
«Ким кайсы митингге чыгат, кимди коргойт, ал өзүнүн иши, өзү жооп берет. Бул жерде саясат кылбай, коллегаларга тийишпей жүрсөк. Гей, «голубойлорду» да колдогон коллегаларыбыз бар», — деди Тиллаев.