• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Жогорку Кеңештин депутаты Самаевдин Токмоктогу атышууга тиешеси барбы?

29 Үчтүн айы 201910:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.01.2019.Govori.TV.

Токмок шарында болгон атышуу тууралуу Чуй облустук башкы башкармалыгы маалымат берди.

Чуй облустук ички иштер башкармалыгынынын башчысы Самат Курманкулов Токмок шаарында ок атышуу боюнча ал жерде белгилер болбогонун айтты.

Анын билдирүүсүнө ылайык окуя болгон жер текшерилип чыккан, бирок эч кандай ок атышуунун белгилери болбогонун айтты. Ал эми депутат Урматбек Саамаев суракка чакырылып, ал куну ал жака барбаганын айткан.

«Ал жерде депутат Урматбек Саамаевдин жигиттери эмес экенин жана контрабандага дагы тиешеси жок экенин билдирген»,-деди
Самат Курманкулов.

Бул чырдын баары мыйзамсыз түрдө товар алып өтүүдөн келип чыккан, деп белгиледи милициядан.

Учурда дагы иликтөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 15