Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
“Республика-Ата Журт” фракциясынын башчысы Жыргалбек Турускулов Бишкекке жыгачтан жасалган чоң “1 сом” монетасын белек кылды.
Монетанын сүрөттөрүн өзүнүн фейсбук баракчасына киргизди. Монета Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде орнотулган.
Турускуловдун айтымында, азыркы жаштар селфи кылыш үчүн өзгөчө жерлерди издешет, ал эми монета болсо так селфи кыла турган жер болот.
Монетада “Бир сом-жүз тыйындан чогулат”,- деп айтылган маалыматта.