• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин комитетинде босого чекти 5 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору четке кагылды

19 Бугу 202012:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоору каралды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин депутаттары бул мыйзам долбоорун четке какты. 2 депутат «макул», 12 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

Мыйзам долбоорун Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеген.

Кошумчалай кетсек, өткөн жумада Жогорку Кеңеште 9 пайыздык босого чекти 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапкан эле.

Количество просмотров: 77