• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевдин ишин сотко өткөрүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү

19 Жалган куран 2018 20:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.03.2018.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевдин ишин сотко өткөрүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Каныбек Осмоналиев боюнча кылмыш иши тергелип жаткан. Ага 2014-жылы Кыргыз-Орус Славян университетине 27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизгендиги үчүн «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ошол иш боюнча тергөө иштери аягына чыкты, ошол себептен тергөөчү Каныбек Осмоналиевди УКМКга чакырган. Бул ишти сотко өткөрүп берүү үчүн топтолгон материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү», — дешти УКМКдан.

Эске салсак, 17-мартта мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев өзүнө карата 2014-жылы кылмыш иши козголуп, кайра жабылган иш боюнча УКМКга чакырылып, барып келгенин билдирген.

Количество просмотров: 29