• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин төрагасы Индиянын элчисин кабыл алды

28 Бештин айы 2022 11:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Шакиев Кыргызстан Индия мамлекети менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин айтты.

 «Быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду. Бул жылдар аралыгында жетишилген келишимдерди иш ашырып, мындан ары да байланыштарды чыңдоо башкы максатыбыз. Айрыкча экономикалык багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү артыкчылыкка ээ. Анткени, 100 миллион доллардын тегерегинде гана болуп жаткан соода байланыштарыбызды эселеп жогорулатуу учур талабы», – деди ал.

Парламенттик алакалар тууралуу да сөз кылган төрага Индия жана Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттик форумун өткөрүү сунушун колдоорун белгилеп: “Кыргызстан үчүн Индиянын парламенттик демократия жаатындагы тажрыйбасы өтө маанилүү”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде элчи жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрагага ыраазычылыгын айтып, Индия парламентинин төрагасы салам жолдогонун билдирди. Ошондой эле элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу сөз кылып, инвестиция тартуу маселесине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Мындан сырткары, Нурланбек Шакиевди Индияга расмий иш сапары менен барууга жана Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттери менен өтүүчү форума катышып келүүгө чакырып, кыргыз-хинди тилинин окшош сөздөрүн камтыган сөздүктү белекке берди.

Количество просмотров: 61