Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралып, жыйынтыгында тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Жыйын учурунда бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, жаңы өкмөттүн түзүмүнө, курамына байланышкан сунуштар берилди.
Ал эми өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүчө:
– Марипов Улукбек Асамидинович – Кыргыз Республикасынын премьер-министри;
– Новиков Артём Эдуардович- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
– Кармышаков Улукбек Тойчуевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри – вице-премьер-министри;
– Асанкулов Жеңиш Асанкулович – өкмөттүн аппаратынын жетекчиси – министри;
– Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович (Кыргыз Республикасынын президенти менен макулдашуу боюнча) – Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
– Казакбаев Руслан Айтбаевич – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
– Чынбаева Асель Рыспековна – Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
– Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович – Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри;
– Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
– Иманалиев Кайрат Олжобаевич – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
– Ажикеев Бообек Эргешович – Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
– Ниязбеков Улан Омоканович – Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
– Абдралиева Гулмира Курманбековна – Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
Турдубаев Кубанычбек Апышевич – Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
– Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич (Кыргыз Республикасынын президенти менен макулдашуу боюнча) – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.