• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы белгиленди 

15 Теке 2020 11:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы белгиленди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда бюджеттик негизде тапшыргандар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды. Ал эми келишимдик негизде тапшыруучуларга негизги тесттин босого баллы 105 деп белгиленди (медицина жана формация адистиктеринен башкасы).

“Келишимдик негизде билим алуучулар үчүн босого баллдын 105 деп белгилениши — жогорку билим алууга далаалаттанган бүтүрүүчүлөрдүн өз эсебинен окуусуна жол ачат, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ата мекендик окуу жайларды колдоо болуп саналат. Ошондой эле кабыл алуудагы тоскоолдуктарды алып салат жана абитуриенттерге мүмкүнчүлүктөрдү берет”, — деп айтылат маалыматта.

Бул чечим “Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар ассоциациясынын” жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын сессиялардагы кайрылууларын, ата-энелердин жана абитуриенттердин өтүнүчтөрүн эске алуу менен кабыл алынды.

Количество просмотров: 395