• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жогорку окуу жайдын ректорлорун шайлоо эрежеси өзгөрдү

3 Баш оона 2018 15:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.08.2018.Govori.TV.
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин шайлоого катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Президент Сооронбай Жээнбеков 3-августта «Билим берүү жɵнүндɵ» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.
«Кабыл алынган Мыйзамдын 38-беренесинин 7-бөлүгү жаӊы редакцияда баяндалган, ага ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин шайлоого катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын зарыл санын албаган учурда, кайра добуш берүү өткөрүлөт, ага добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер катышат. Кайра добуш берүүгө катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет»,-деп айтылат маалыматта.
Шайланган талапкерди шайлоо өткөрүлгөн күндөн тартып он күндүн ичинде билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна бекитет.
«Улуттук» деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси шайлоо өткөрүлгөн күндөн тартып он күндүн ичинде премьер-министр тарабынан бекитилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 21-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам жогорку окуу жайлардын жетекчилерин шайлоону жүргүзүүнү жакшыртуу жана билим берүү мекемелеринин академиялык эркиндигин өнүктүрүү максатында кабыл алынган.
Буга чейинки эреже боюнча, Кыргыз улуттук университети сыяктуу бир катар окуу жайлардын ректорун эмгек жамаат шайлап, өкмөт бекитет.

Ыкчам маалымат алуу үчүн, бул шилтеме аркылуу https://t.me/govori_tvбиздин телеграмга жазылыңыз!

Количество просмотров: 75