• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку сот Ахматбек Келдибековго чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү

3 Аяк оона 202116:39 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот парламенттин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековго карата чыгарылган сот өкүмдөрүн жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү чечим 18-августта чыгарылган. Жогорку сот Келдибековдун өтүнүчүн канааттандырып, анын иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралмай болду.

Эскерте кетсек, Келдибеков 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда жана 2008-2009-жылдары Салык кызматын башкарган убагында коррупцияга барган жана ЖКнын спикери кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган.

Ага Кылмыш жаза кодексинин 30-беренесинин төртүнчү бөлүгү (кылмышка шериктеш болуу), 303-беренесинин биринчи бөлүгү (коррупция), 304-беренесинин төртүнчү бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Келдибеков жогорудагы айыптар менен 2013-жылы камакка алынган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Келдибековду коррупция беренеси боюнча актап, ал эми Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу боюнча үч миллион сом айып пул салган.

Количество просмотров: 1068