• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Жогорку сот Батукаеванын арызын канааттандырган жок

11 Бугу 202213:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин бир тууганы Яха Батукаеванын апелляциялык арызын канааттандыруусуз калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соттун чечими бүгүн, 11-майда кабыл алынган.

Батукаева кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко арыз жазган.

54 жаштагы Яха Батукаева 2016-жылы Челябинскиде эки өнөктөшү менен чогуу 30 килограмм баңгизатын сатууга айыпталып, 17 жылга соттолгон. Кийинчерээк Кыргызстанга экстрадицияланып, Степное айылындагы аялдар абагына камалган.

Количество просмотров: 107