• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жогорку сот “Биздин Кыргызстан” партиясынын пайдасына чечим чыгарды

30 Теке 2021 23:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышып, экинчи орунга чыккан “Биздин Кыргызстан” саясий партиясын колдогон чечим чыгарды. Соттун 30-июлдагы токтомун партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов жарыялады.

Осмоновдун маалыматы боюнча, Жогорку сот БШКнын даттануусун четке кагып, Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. 

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы «Биздин Кыргызстанды» шайлоо өнөктүгү учурунда добуш сатып алууга айыптап жарыштан четтеткен. Буга нааразы болгон саясий уюм Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылып, утуп алган. Бирок БШК мындай чечимге макул болбой Жогорку сотко кайрылган.

Количество просмотров: 204