• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жогорку сот БШКнын Мамытовго байланыштуу арызын артка кайтарды

2 Жетинин айы 2021 15:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы Талант Мамытовдун талапкерлигине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын арызын артка кайтарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш бүгүн, 2-ноябрда каралган.

«БШКнын кассациялык даттануусу Административдик процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт. Арызга 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним каттын негизинде Кутбердиеванын өкүлү кол койгон. Бирок, ишеним кат тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн эмес, ошондуктан анын аныктыгын тактоо жана далил катары кабыл алуу мүмкүн эмес», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, БШКнын 24-октябрдагы жыйынында жумушчу топ Талант Мамытов парламенттин төрагалык кызматын тапшырбаганын эске алып, аны каттабай коюуну сунуш кылды. Мыйзам боюнча жогорку кызматты ээлеп турган жаран депутаттыкка талапкерлигин коюу үчүн кызматын тапшырышы керектиги белгиленип, БШКнын 10 мүчөсү сунушту колдоп берген. Талант Мамытов чечимге макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык административдик сотуна арыз жазган. Бишкектин административдик соту Мамытовду каттоодон баш тартуу боюнча БШКнын чечимин мыйзамсыз деп табуу боюнча арызын канааттандырган. Ал эми Боршайком төрага Мамытовду каттоо маселеси боюнча Жогорку сотко арызданган болчу.

Количество просмотров: 79