• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жогорку сот Кулматовду абакта калтырды. Дагы бир революция болобу? Соңку жаңылыктар 10.07.18.

10 Теке 2018 15:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.07.2018. Govori.TV

 

Жогорку сот Кулматовду абакта калтырды 
Жогорку соттун соттук коллегиясы Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын карап, аны тергөө бүткүчө камакта калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. Улуттук коопсуздук комитети Кубанычбек Кулматовду быйыл 5-июнда кармап, ал 28-июнга чейин камакка алынган. 25-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карап, аны 28-августка чейин абакта калтырган. Актоочу тарап экс-мэрди үй камагына чыгарууну өтүнүп жогорку инстанцияга даттанган.Кулматов “коррупция” жана “жараксыз паспортту пайдаланган” деп айыпталууда. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча айып тагылган.
Дагы бир революция болобу?
Эртеби, кечпи дагы бир революция болот деген пикирин бүгүн, 10-июлда маалымат жыйынында саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди.»Алдыда дагы революция болот, мурунку революция өз максатына жеткен жок. Биз ушунда үй-бүлөлүк башкаруу менен, ким президент болсо ошонун үй-бүлөсүнө баш ийип жүрө берсек дагы революция болот. Ал революциядан кийин да оңолуп кетпейбиз. Биз, ар бирибиз жан дүйнөбүздө төңкөрүш жасаганда гана оңолобуз», — деди Бекназаров.Эске салсак, 6-июлда Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши экс-министрдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулганын УКМКбилдирген. Бекназаров бүгүн бул боюнча пикирин билдирүү үчүн маалымат жыйын өткөрдү.
Кырсыктан 3 адам жаракат алды 
Бишкекте Абдрахманов көчөсүндө жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 10:00дөр чамасында болгон.»Бүгүн, 10-июлда Бишкек шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Чоң Чүй каналы өткөн жеринде жол кырсыгы катталган. Анда 3 автоунаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алган. Азыркы тапта окуя болгон жерде тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилди», — деп билдирди маалымат кызматы.Кырсыктын айынан Жусуп Абдрахманов көчөсүндө унаалар кагышкан аймактан тартып Фрунзе көчөсүнө чейин унаа тыгыны пайда болгон
Сүрөт: Спутник
Количество просмотров: 6