• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жогорку сот Next TVнын материалын экстремисттик деп тапты

26 Теке 2022 14:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун Next TV басылмасыныны материалын экстремисттик деп таануу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы Next телеканалынын көрсөтүүсүн токтотуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды. Сот Next телеканалын жабуу жана башка ресурстарда контентти таратууга тыюу салуу боюнча өтүнүчтү канааттандырган жок.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Таалай Дүйшембиевди 3-мартта камаган. Ушул эле күнү телеканалга “улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголуп, телеканалдын кеңсесине мөөр басылган.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды тараткан деп жүйө келтирүүдө.

Количество просмотров: 104