• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жогорку сот Нурлан Мотуевдин жазасын өзгөрттү

5 Бирдин айы 2021 16:44 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун 2021-жылдын 3-февралындагы токтому менен Нурлан Мотуевге карата чыгарылган мурунку өкүм өзгөрдү. Ал 6 жылга эркиндигинен, 3 жыл ичинде мамлекеттик кызматта эмгектенүү укугунан ажыратылды.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 2016-жылдын 23-августундагы чечими менен Н.Мотуев 7 жылдык жазаны жатак абакта өтөй турган болгон. Ал жазык кодексинин 226-3-беренесинин 2-бөлүмү (террордук иштерге ачык чакыруу же терроризмди ачык актоо) жана 299-берененин 1-бөлүмү (улуттук, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) менен айыпталган.

Мотуев 2016-жылдын 12-майында Бишкектеги «элдик парламенттин» форумунда кармалган болчу. Ал анда оппозиционерлерди ИГИЛ мыйзамы менен жашоого үндөгөн.

Булак: Баракелде.

Количество просмотров: 262