• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жогорку сот Салянованын лицензия боюнча ишин карап, чечим чыгарды

27 Үчтүн айы 2021 12:46 Бишкек Govori.TV

27-январда Жогорку сот мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайра карап, мурдагы чечимди күчүндө калтырды.

Жогорку соттун бул жолку чечимин Аида Салянова акыйкатсыз чечим деп баалады.

«2017-2018-жылдары мага карата саясий чечимдер чыккан. Бүгүнкү сот отуруму жаңы бийликтин убагында болуп жатпайбы, менимче алар үчүн менин ишим «өлкөдө акыйкаттык, мыйзамдуулук болобу же саясий куугунтуктар дагы эле улана береби?» деген бир сыноо эле. Негизи ушул процессте мыйзамдуулук жеңмек же өч алуу уланмак. Өч алуу жеңип кетти. Ушул чечимди акыйкат деп ким айтат?», деди ал.

2019-жылдын декабрь айында Жогорку сот жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап, Салянованын жазасын өзгөрткөн эмес. Буга байланыштуу Аида Салянованын адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан.

Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 12245