• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жогорку Сот саясий куугунтук жегендердин жазасын жумшартты (видео)

7 Кулжа 201816:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.06.2018.Govori.TV.

Бүгүн 7-июнда Жогорку Сотто саясий  куугунтук жегендер катары саналып жаткан Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана  Эрнест Карыбековдорго акыркы өкүм чыкты.
Сотто Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров мурда 12 жылга кесилсе мында 8 жылга, ал эми Эрнест Карыбеков мурда 20 жылга кесилсе мында 14 жылга кесилди. Биринчи экөөсүнөн төрттөн жылы кыскарып, экинчисинен алты жыл кыскарткан.
Сот жабык эшик артында өтүп, ММКлар менен тууган-туушкандары киргизилген жок. Соттогу күзөтчүлөр элге «бул жашыруун материал, андыктан жабык каралат» дешти. Актоочу Акин Токтоалиев Жогорку Соттун бул соттук жүрүшүн «Кыргызстанда колдонулуп көрүлө элек практика, барып турган мыйзамсыздык»,-деп баалады.
Количество просмотров: 103