• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жогорку сот: Шадиев 48 саатта кармалышы керек

1 Кулжа 2018 10:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01. 06. 2018.Govori.TV

Жогорку Кеңештин  депутат Аскарбек Шадиевди сыртынан  эки айга камакка алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз  борборунан Govori.TV маалымат агенттигине тастыкташты.

«Эскертүү чарасын Биринчи Май райондук соту тандады. Аскарбек Шадиев 48 сааттын ичинде кармалышы керек» -дейт.

Анда белгилүү болгондой, Аскарбек Шадиевдин үстүнөн кызмат абалын кыянат пайдалануу беренеси менен кылмыш иши ачылган. Бул боюнча тергөө УКМКда жүрүп жатат.  Маалыматтарга караганда, ага айыбы сыртынан угузулган жана үй камагына алуу да сыртынан жүргүзүлдү. Себеби, анын Кыргызстанда эмес экендигин жардамчысы буга чейин билдирип келет.

Бирок, “Эгер ал четке чыгып кетсе өлкө чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн экинчи кылмыш иши козголот”,-деген  бүгүн Коопсуздук Кеңешинин башчысы Дамирбек Сагынбаев.  Ошондой эле чек ара кызматы да анын сыртка чыкпаганын айтып келет.

Эске салсак, 28-апрелде Башкы прокуратура мурунку вице-премьер-министрге карата кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 10