• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жогорку сот Таалайбек Өмүралиевди актады

26 Чын куран 2021 13:29 Бишкек Govori.TV

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге байланыштуу иш бүгүн, 26-апрелде Жогорку сотто каралды. Анда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун министрди актаган өкүмүн күчүндө калтырылды.

Өмүралиев коргоо министри (2011-2014) болуп иштеп турган учурда ал бюджетке ири суммада зыян келтирилген деп күнөөлөнгөн. Ага «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу» жана «кызматтык жасалмалуулук» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Сот Өмүралиевди күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айып пул салып, генерал-майор наамынан ажыраткан.

Өмүралиев 2020-жылы 9-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы генералдык штабдын башчысы болуп дайындалган.

Кызматка келгенден кийин ага байланышкан сот иштери 13-октябрда Биринчи май райондук сотто каралып, акталган.

Бул иш быйыл, 10-мартта Бишкек шаардык сотунда апелляциялык тартипте каралып, райондук соттун өкүмү жокко чыгарылган.

Количество просмотров: 132