• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жогорку сот Жанар Акаевдин пайдасына чечим чыгарды

28 Бештин айы 2021 13:03 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот «Альянс» саясий партиясынын ишин карап, административдик соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, сот «Альянс» партиясынын арызын канааттандырып, гендердик квота боюнча БШКнын токтомун мыйзамсыз деп таап жокко чыгарган.

Эске салсак, БШК 15-декабрда өз чечими менен аялдардын квотасын бөлүштүрүү тууралуу жобону өзгөрткөн. Ага ылайык, мурда жети мандаттын экөө аялдарга берилсе, өзгөртүүдөн кийин үчөө бериле турган болду. Бул «Альянс» партиясына түздөн-түз таасир этип, тизмедеги Жанар Акаевге мандат берилбей, анын ордун Токтобүбү Оргалча ээлеген. Өз кезегинде Акаев «шайлоодон кийин оюндун эрежесин өзгөртүү жогорку бийликтин буйругу болду» деген пикирин билдирген. Ал эми «Альянс» партиясы сотко кайрылган.

Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн арызданган «Альянс» партиясынын өтүнүчүн канааттандырган.

Количество просмотров: 476