• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жогорку сотто Салянованын иши кийинкиге жылды

10 Бештин айы 2019 18:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш иши жаңы жагдайлар менен каралып, 12-декабрга жылды.

 Аида Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова Салянова адвокаттын лицензиясын узартууда эч кандай кылмыш болбогонун билдирди.

Эске салсак, Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.

Количество просмотров: 229