• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку соттун алдына соттолгон саясатчылардын тарапташтары пикетке чыгышты

4 Кулжа 2018 15:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.06.2018. Govori.TV
Ушу тапта Жогорку соттун алдында камактагы саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун жакындары  пикетке чыгышып, иштин калыс каралышын талап кылышууда.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын март айында  “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган төрт саясатчыны 2017-жылы 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту күнөөлүү деп таап, Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген.
Соттолгондор кылмыш ишинин козголушун саясат менен байланыштырып келатышат. Баары райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанып, быйыл 7-февралда шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырган.
Соттук териштирүүлөр жабык өтүп келүүдө.

Булак:Азаттык

Количество просмотров: 11