• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жогорку соттун төрагасы кызматтан кетеби?

26 Бирдин айы 2024 11:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кетери тууралуу сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу ал маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Базарбеков жумуштан кетет экен, ордуна башка бирөөлөр кызыгып жатыптыр” деген сөздөр мен кызматка келгенден бери айтылып жүрөт. Президент да бул жөнүндө жакшы билет. Ал киши жылмайып “ай тигил жакта эмне болуп атасыңар?” деп айткан. Бизде азырынча андай сөз жок. Бирок Базарбеков дагы түбөлүктүү эмес”,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы болуп 2022-жылдын февраль айында дайындалган.

Количество просмотров: 66