• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жапаров Конституциялык сотунун төрагасы менен Жогорку соттун төрагасын дайындады

3 Бирдин айы 20229:22 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө Өскөнбаев Эмил Жолдошевич 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы болуп дайындалды.

Жана президент Садыр Жапаров кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Базарбеков Замирбек Курамаевич 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалды.

Парламент 2-февралдагы сессиясында Жогорку соттун төрагасы кызматына Замирбек Базарбековдун, Конституциялык соттун башчылыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин карап, экөөнү тең жактырган.

Количество просмотров: 130