Бүгүн, 15-февралда адам укуктарынын жана сөз экиндигинин азыркы убактагы абалын талкуу кылуу үчүн тегерек стол өтүп жатат. Ага ЖК депутаттары, экс-депутаттар, укук коргоочулар, саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатат.
Жыйында сөз сүйлөгөн Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда сот бийлигине айтылган сын-дооматтар негиздүү экенин айтты.
«Көйгөйдү чечүү үчүн мыйзамдык актыларды өзгөртүү керектигин, тиешелүү жумуштар башталды. Негиздүү сын-пикирлер бизге аба менен суудай керек. Биз ушуга муктаж болуп жатабыз. Мен жеке өзүм да муктажмын. Коюлган маселелер боюнча Жогорку сотто карап бир жыйынтыкка келебиз”, — деди ал.