• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Соттор кеңеши Базарбековдун кызматтан кетүү арызын колдоду

10 Тогуздун айы 20249:38 Бишкек Govori.TV

Соттор кеңешинин 9-октябрдагы отурумунда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун кызматтан кетүү тууралуу арызы каралды.

Соттор кеңешинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Базарбековдун судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызы канааттандырылды.

Жогорку соттун төрагасынын кызмат ордунан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш президентке жөнөтүлдү.

Замирбек Базарбеков 9-октябрда Жогорку соттун төрагасы кызматынан кетүү боюнча арыз жазды. Төрагалыкка ким сунушталып жатканы азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 123