• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку Кеңеш Замирбек Базарбековду кызматтан бошотууга макулдук берди

10 Тогуздун айы 202410:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы жана төрагасы Замирбек Базарбековду кызматынан бошотууга макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы жана төрагасы Замирбек Базарбековду өзүнүн арызынын негизинде кызматынан бошотуу тууралуу президенттин сунушун киргизди.

Замирбек Базарбеков 9-октябрда Жогорку соттун төрагасы кызматынан кетүү боюнча арыз жазды. Төрагалыкка ким сунушталып жатканы азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 134