• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Жогорку соттун төрагасы жумушчу сапары менен Чүйдү кыдырды

7 Теке 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Чүй облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага Чүй облусундагы Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондук сотторунда, ошондой эле Чүй облустук административдик соту менен Чүй облустук сотунда болду.

Чүй облустук сотунда өткөн жергиликтүү соттордун төрагалары, судьялары жана аппарат кызматкерлери менен болгон жолугушууда Базарбеков Чүй облусунда айрым соттор тарабынан иштерди кароодо кетирген кемчиликтерди белгиледи.

“Мыйзамсыз чыгарылган чечимдердин артында адамдын тагдыры тургандыгын ар бир судья унутпашы керек”, — деди ал.

Жогорку соттун төрагасы судьяларга ар бир ишти өз мөөнөттөрүнөн кечиктирбей мыйзам чегинде кароону, айрыкча иштин сапатына көңүл бурууну тапшырды.

Количество просмотров: 170