• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары дайындалды

11 Бирдин айы 2022 15:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-февралда Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Жогорку соттун судьялары Давлетов Айбек Абубакирович, Мусаев Нурлан Алишерович жана Бакирова Нургүл Жакыповна 5 жылдык мөөнөткө КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары болуп дайындалышты.

«Качыке Эсенканов КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Буга чейин орун басар болуп иштеп келишкен Качыке Эсенканов, Асанова Нургүл Молдобековна жана Токбаева Айнаш Абдымановна Жогорку соттун судьялары катарында ишин улантышат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 229