• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жогорку соттун төрайымы кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

31 Үчтүн айы 2022 12:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан кетүү тууралуу арыз берди. Бул тууралуу анын кеңешчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Н.Бакирова өлкө башчысына өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арыз менен кайрылган.

«Жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөн. Буга чейин төрага Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол себептен Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.

Нургүл Бакирова 2021-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы болуп шайланган.

Количество просмотров: 782